«Мен аны көрүмө көтөрө кетпейм». Президент жаңы Ак Үй тууралуу пикирин айтты

«Мен аны көрүмө көтөрө кетпейм». Президент Садыр Жапаров жаңы Ак Үй тууралуу пикирин «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

«Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм.

Бишкектин борбору автотыгынга толуп кетти. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салабыз», — дейт президент.