«Мен бүгүн президентке кирем». Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын аны кызматтан алуу сунушуна жооп берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөткө саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштоо демилгесин көтөрүп, комитет мүчөлөрү аны колдошкон.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жанар Акаев мындай жол менен андан өч алып жатканын Сереп Медиа маалымат агенттигине билдирди.

«Жанар Акаев өзүнүн медицина тармагында бир күн иштебеген жардамчысын Ошко башкы дарыгер кыл деп суранганда, мен болбой койгом. Ал ошон үчүн өч алган атат. Ошол жерде отургандардын баарын кимди каякка башкы дарыгер, же кайсы орунга коюуну суранышканын да айтып бере алам. Мен эч биринин суранычын аткарбай койдум. Мен профессионалдарды коём. Ошон үчүн алар мага каршы чыгып, эптеп-септеп мөөнөтү аз калганда өз таанышын бир орунга отургузуп кеткилери келип жатат. Мен андайга барбайм», — деди ал.

Министр өзүн уу-коргошун боюнча «дүйнө элине уят кылды» деген ойлорго кошулбайт. «Жанар Акаев уу коргошунду түшүнмөк беле. Мен деген профессормун, 37 жылдан бери иштеп жүрөм. Клиникалык сыноону кантип өткөрүштү билем, Жанар Акаев билбейт. Ал журналист да, жазганды эле билет», — дейт ал.

Алымкадыр Бейшеналиев министр катары бир топ максатын ишке ашырганын айтып, эмгегин эл баалабаса, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

«Кет дешсе, мен өзүмө койгон 3-4 максатты ишке ашырдым. Реформа кылдым, 30 жылдан бери бузулуп келатканды мен куруп койдум. 10-15 жылдан бери көтөрүлбөй жаткан маянаны көтөрдүм. Калган иштеримди менин ордума келген адамга сунуштамакмын. Мени жумуштан кетиришсе, эч нерсе жоготпойм. Мен хирургмун, өз ордума барып иштей берем. Иштеримдин, реформамдын кыргыз элине кереги жок болсо, кете беребиз. 

Депутаттар эмне 5 жылдан бери бир жакшылык кылыштыбы кыргыз элине? Мен алардын биринин да сунушун кабыл алган жокмун. Ар бир облуска профессионал адамдарды дайындадым. Коррупцияны токтотуш үчүн профессионалдар келиши керек. Мен бүгүн президентке жолугам да, уктур десе, ким каякка суранып атканын фамилиясы менен уктуртам», — дейт ал.