«Мен экономистмин, сиз куруучусуз!». Жогорку Кеңештин жыйынында эки депутат кайым айтышты

Жогорку Кеңеш 27-октябрдагы жыйынында финтех боюнча мыйзам долбоорун карады. 

Депутат Аманкул Токтомамбетов жакында депутаттардын түшүнө финтех кирерин билдирди. «Биз финтех жөнүндө ушунчалык көп сүйлөдүк, ал тургай президенттин басма сөз катчысы да бул маселе боюнча өз позициясын билдирди. Кесиптештерибиз кокусунан жактырышып, кийин өкүнүп калышты. Андыктан, фискалдык комитеттин бул мыйзам долбоорун четке кагуу чечимин колдооңуздарды суранат элем», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Саматбек Ибраев фискалдык комитеттин төрагасынан мыйзам долбоору эмне үчүн жана кандай себептер менен четке кагылганын сурады.

«Биринчи өкмөттүн корутундусун эске алдык, экинчиден, Улуттук банктын корутундусун эске алдык жана комитеттин добушу менен чечилди», — деди Салайдин Айдаров. 

«Мен сиздин жообуңузга толук канааттанган жокмун. Бирок сизди эч качан күнөөлөбөйм. Сиз банк кызматкери эмессиз», — деди Саматбек Ибраев.

«Сиз да банк кызматкери эмессиз. Куруучусуз. Мен экономистмин. Сиз куруучусуз. Билимибизге асылбай эле коёлу», — деди Айдаров.

Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев демилгечиге бул мыйзам долбоорун өзү чакыртып алууну сунуштады.