«Мен ГАИшник эмесмин, кыйкырбаңыз!». Татиков Мадумаровдон тил укту (видео)

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 17 миллион евро каражат алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо каралды. Анын 14 миллион евросу кредит, калганы грант.

Депутат Адахан Мадумаров кредит катары алынчу 14 миллион евро жалпы карыздын суммасына кошулабы же жокпу деп Финансы министринин орун басарынан сурады.

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, сиз “откат” деп туура эмес айтып жатасыз. Өзүңүз үч жолу депутат болдуңуз, анын арасында спикер дагы болдуңуз. Кредиттер ошондо дагы алынган, шарттарын сиз дагы билесиз”, — деди Татиков.

«Мен төө десем, сен бээ деп жатасың», — деди депутат.

«Мен улууларды урматтайм, бирок сиздин кемсинткениңиз жаман», — деди Татиков.

«Калып калган сумманы Кыргызстан кайра төлөйбү же жокпу?» — деди Мадумаров.

«Кирет», — деди министрдин орун басары.

«Мен ошону сурап жатам. ГАИшник эмесмин, кыйкырбаңыз! Түшүндүңүзбү? Этиканы кармаңыз! Маалыматты так билбей, сүйлөбөңүз», — деди депутат.