«Мен өз милдетимди аткаргам». Чыңгыз Айдарбеков Жеңиш Токторбаевге жооп берди

«Маданиятына жараша, ар ким өзүнө жараша комментарий берет. Тышкы саясатка тиешеси бар адамдар ички саясат менен түз алектене албайт», — деп билдирди депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге.

Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев ошол учурдагы ТИМдин башчысы Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзү эмес күчүгүн сиз деп отуруп, бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун пальтосун кийгизип жүргөнүн айткан.

«Мындайды түшүнбөгөндөрдүн деңгээли ушундай. Мен эч качан өзүмдү жарнама кылбайм деп айтам. Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги жасаган анализге мен кол коюп, бардык документтерди жөнөткөм. Биз позициябызды, тигил же бул окуяга эл аралык коомчулук кандай мамиле кыларын талдоону бергенбиз. Бул биздин кесиптик ишибиз. Ал бөлүктө мен өз милдетимди аткардым», — деди Айдарбеков.