“Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин”. Мадумаров сурактан чыкты

«Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин». Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынан сурактан чыгып билдирди. Ал бүгүн күн ичинде эки жолу суракка кирди.

«Мен ушул күнгө чейин Садыр Жапаровдун башкы прокурор же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп жатыптыр. Бул өтө чоң маданиятсыздык жана сабатсыздык. Өлкө башчысымын деп отурган киши кичине китеп окуп койсо болмок. Кылмышкер деп бир гана сот чечим чыгарат. Ал жигиттин айтып жатканы жапайычылык. Аман болсун, анын да ар бир сөзү үчүн жооп берген күн келет», — деди саясатчы.

Мадумаров буга чейин 14-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары биринчи жолу суракка чакырылган.