«Мен шпион эмесмин». Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана Айгүл Жапарова боюнча үн катты

Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңештин «Альянс» партиясынан депутаттык мандат ала турган Токтобүбү Оргалча өзү тууралуу тараган маалыматка комментарий берди. Анын кайрылуусунун видеосу жарыяланды.

«Мен Кыргыз элиме түшүндүрө кетейин. Кечээ мен депутат деп табылгандан кийин эл ичинде чоң ушак тароодо. Мени уйгур, кытай, шпион кылып жатат. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. 1916-жылы чоң аталарыбыз Үркүндө Кытайга үрккөн. Кытайдагы Жусуп Мамай дагы черик. Мен Кыргызстандын жарандыгын алганда Кытайдын жарандыгын тапшыргам. Кечээ күндөн бери биринчи айымдын досу экен, жакын экен деген дагы ушак. Мен биринчи айымды, биринчи кишини жашоодо көргөн эмесмин. Ал эми мен Жанар инимди (ред. Жанар Акаев) бир тууганымдай көрөм. Жанар иним экөөбүздүн ортобузда келишпестик жок», — деди ал.