«Менде да бир тууган, жоро-жолдош деген бар». Мадумаров кылмыш ишинин беренеси алмаштырылганы тууралуу үн катты

Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун маселеси боюнча депутаттык комиссиянын чечимин жабык эшик артында карады. Ага чейин депутатка карата козголгон кылмыш иши «чыккынчылык» беренесинен «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине алмашканы маалым болду.

Бул боюнча эл өкүлү өзү комментарий берди. «Жогорку Кеңештин жыйынына башкы прокурор өзү келип, 323-берене туура эмес экен, туура эмес койдук, биз аны 338-беренеге кайтардык деп айтты. Бул жөнөкөй маселе эмес да. «Чыккынчы» деген беренени коюп алып, бир ай бою бардык жерден какшатып сүйлөтүп, анан бүгүн ал күнөө жок экен, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу дешти. Менде да тууган, жоро-жолдош, чет өлкөдөгү жолдоштор бар. Бул өлкөдөн бир калем менчиктештирбеген, бир завод, кыш албаган кишини ушинткениңер, адамдын акылына туура келбейт. Бүгүн депутаттарга ыраазычылык билдирем. Катуу көзөмөлгө алышты. Эми комиссиянын тыянагы чыккан жок. 10-мартка чейин убактысы бар», — деди ал.

10-февралда Башкы прокуратурадан парламентке Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү көрсөтмөсү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлгөн болчу.