«Мени суракка Акылбек Жапаров менен алмаштырып чакырып алышты окшойт». Момбеков сурак берүүгө келди

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга сурак бергени келди.  Ал суракка чакырылышына таң калып жатканын билдирди.

«Мен өзүм таң калып жатам, мени эмнеге суракка чакырып жатышат?! Акылбек Жапаровду чакырам деп, адашып мени чакырып албадыбы депчи. «Кумтөр» боюнча кымындай да бир ишке аралашкан эмесмин. 2003-жылы Кыргызстан өз үлүшүнөн ажырап калган. 2009-жылы өз жеринен ажырап калган. Мен ушуга басым жасагам. Комиссия ишин жыйыныктаганда, мен өз оюмду айткам. Комиссия менен толук макул эмесмин деп. «Приговорлорду» аттап өтүп, «переговорлорго» барып атасыңар деп. Менин сунушум «Кумтөрдү» улутташтыруу болчу. Балким ушунун негизинде чакырылып жатам. Эми мага айтышты күбө катары деп, бирок бул жакка (ред.УКМК) киргенден кийин күбөнү күнөө кылып коюп жатышпайбы», — деди депутат.