«Мени тынч койгулачы». Жапыкеев генерал-майор наамын өткөрүп берүүгө даярдыгын айтат

Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын өткөрүп берүүгө даярдыгын айтат. Ал бул тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Достор, кааласаңар, генерал наамын өткөрүп берейин. Бир эле өтүнүч, ошону менен мени тынч койгулачы. Сураныч. Саясатына, дегеле баарына ыраазы болдум», — дейт ал.



Ушул жылдын март айында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сыймык Жапыкеевге “Финансылык полициянын генерал-майору” наамы ыйгарылган.