«Менин күмөнүм бар». Депутат кармалган министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин так тергөөнү талап кылды

Депутат Эмил Токтошев кечээ кармалган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин ишинин так тергелишин талап кылды.

«Билим берүү министри пара менен кармалды. ИИМ 110 миң доллар менен кармалганын айтты. Экинчи маалымат чыкты, 10 миң доллары унаасында болгон экен деп. Биз Бейшеналиевди билимдүү, тартиптүү киши катары баалап, шайлаганбыз. Күмөнүм бар. Реформа кылам деген киши мындайга барбайт эле. Ушул иш так, дыкат тергелсин. Мен ушуну талап кылам», — деди ал.