«Мигранттарга кирип-чыкканга жеңилдик беришсин». Исхак Масалиев Мамлекеттик Думага кайрылууну сунуштады

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду. Анда төрага Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялады. Депутаттарды куттуктоо үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.

Депутат Исхак Масалиев төрага Талант Мамытовго кайрылып, Мамлекеттик Думага кайрылуу жасоону сунуштады. «Думага кайрылуу жөнөтүп көрбөйлүбү. Мигранттар боюнча мыйзамды кайра карап чыгышсын. Биздин жарандарга бир аз да болсо кирип-чыкканга жеңилдик беришсин. Жалпы кайрылуу жасайлы», — деди ал.