«Милициянын генерал-лейтенанты, генерал-майору». Күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине аскердик наамдар ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчысы иш-чара катышуучуларын Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.

Президенттин жарлыктарына ылайык:

— ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты” наамы ыйгарылды;

— коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант” аскердик наамы ыйгарылды;

— ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды;

— ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору» наамы ыйгарылды;

— коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

— УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

— Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.