Министр Алымкадыр Бейшеналиев президентке 5 адамды кызматтан алууга көрсөтмө бергенин билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президентке беш адамды кызматтан алуу сунушун берди. Ал бул тууралуу бүгүн, 30-майда «Наристе» бала бакчасына барганда билдирди.

Алар:

— саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев;

— саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов;

— саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев;

— Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаментинин директору Нурдин Кагаздиев;

— Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун директору Мадамин Каратаев.

Министрдин айтымында, буга чейин ал жогорудагы адамдарды иштен айдоо көрсөтмөсүн Министрлер кабинетинин төрагасына берген. Бирок чечим кабыл алынбагандыгына байланыштуу президентке кайрылган.

16-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары, анын ичинде аталган кызматкерлер Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып, маалымат жыйын өткөрүшкөн болчу. Ал учурда министр иш сапарда жүргөнүн айткан.