Министр Алымкадыр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан алды

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министр Бейшеналиев өзү билдирди.

16-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары, анын ичинде аталган кызматкерлер Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып, маалымат жыйын өткөрүшкөн болчу. Ал учурда министр иш сапарда жүргөнүн айткан.