«Медицина тармагындагы башаламандыкты тартипке салуу керек. Ооруканалардын кызматтан кеткен жетекчилери жаңы дайындалгандарды иштетпей, ар кандай интригаларды уюштуруп жатышат». Бул тууралуу депутат Ырысбек Атажанов парламенттин тармактык комитет жыйынында билдирди.
Мындан сырткары эл өкүлү саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөргө токтолуп, ооруканада бейтаптар үчүн орундар жетишпестигин, дары-дармектердин кымбаттыгын белгиледи. Жыйын учурунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиеваны кызматтан кетиргенин билдирди.