Министр Бекмурзаев: «136 миллиард сомдон ашкан энергетика тармагынын карызы президенттин тапшырмасы менен Финансы министрлигине өткөрүлөт»

«136 миллиард сомдон ашкан энергетика тармагынын карызы президенттин тапшырмасы менен Финансы министрлигине өткөрүлөт». Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргызстанда эки ири энергетикалык ишкана болот: биринчисинде электр энергиясын өндүрүү менен алектенген бардык ГЭСтер жана мекемелер болуп, ал эми экинчиси аны калкка өткөрүп берүү менен алектенет. Көп жылдардан бери чогулуп отуруп энергетика тармагынын карызы көбөйүп кеткен эле. Ал 136 миллиард сомдон ашат. Бул сумма президенттин тапшырмасы менен Каржы министрлигине өткөрүп берилет. Бул жылы биз карыздардан кутулуп, масштабдуу иштер менен алек болобуз. Жайында «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун баштайбыз. Башталышына биздин 20 миллион сомубуз бар. Бул долбоорго катышууну каалагандар бизге кошулса болот. Сиздер менен иштешүүгө биз ар дайым даярбыз!» — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.