Министр: «Донбасс. Окраина», «Солнцепек», «Ополченочка» тасмаларын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынат»

«Донбасс. Окраина», «Солнцепек», «Ополченочка» көркөм тасмаларын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынат». Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов соцтармактагы баракчасында жарыялады.
Орусиялык “Гармония” маданий борбору Кыргыз Республикасынын аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 18-апрелде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган. Аталган тасмалар Кыргыз Республикасынын аймагында тасмаларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы №509 “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө” токтомуна ылайык каралды.
«Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.