Министр: «Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн экени айтылды»

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында январь айынан бери Орусиядан Кыргыз мамлекетине алып келинген күйүүчү 7-10 сомго, дизел 3,2-4,8 сомго чейин кымбаттады.

«11-марттан 20-мартка чейин күйүүчү май 3-4 пайызга өстү. Дүйнөдө баалар дагы өсүп жаткандыктан кымбаттап жатат. Дүйнөлүк фонддордун дагы божомолуна таяна турган болсок, мунайдын баасы дагы 20 пайызга чейин өсүшү божомолдонуп жатат. Биз кандай чара көрөбүз? Мунай кайра иштетүү заводун толук кандуу иштетишибиз керек. Аны менен 2 миллион 215 миң тонна мунайды иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Кыргыз мамлекетинде мунайды керектөөсү 1 миллион 300 миңди түзөт. Биз калкты, өнөр жай жана айыл чарба тармактарына баарын камсыздай алабыз”, — деди ал.