Министр Казакбаев Пакистанда бир катар жолугушууларды өткөрдү. Тизме

22-23-март күндөрү Исламабад шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын ишине катышуунун алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту. Анда Бахрейн тараптын бай тажрыйбасын эске алып, Кыргызстанда толук кандуу ислам банкын түзүү максатында ислам принциптери боюнча каржылоону колдонуу жана пайдалануу максатында эки мамлекеттин борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө сунушталды. Жолугушууда министр Руслан Казакбаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ал чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келүүгө даяр экендигин ырастады.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен да жолугушуусу болуп өттү. Анда экөө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Украинадагы кырдаал боюнча министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында каралган жалпыга таанылган эл аралык укук ченемдерин жана принциптерин, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактай тургандыгын белгиледи.


Руслан Казакбаев Египеттин тышкы иштер министри Самех Хасан Шукри менен жолугушту. Министр Руслан Казакбаев Египет тараптын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен мындан аркы соода интеграциясы жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн эркин соода келишимин түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жогору баалады. Мындан тышкары, кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Египеттеги элчилигин түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдап, бул маселеде аталган өлкө тарабынан колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Пакистан Армиясынын Штабынын Башчысы Камар Джавед Баджва менен да эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.