Бүгүн, 23-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган кыргыз делегациясы Пакистандын Исламабад шаарында «Биримдик, адилетүүлүк жана өнүгүү үчүн өнөктөштүк» деген ураан астында башталган Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер Кеңешинин 48-сессиясында катышууда. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана байкоочу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышып жаткан сессияны Пакистандын премьер-министри Имран Хан жетектөөдө. 48-сессиянын күн тартиби ислам дүйнөсүнүн салттуу маселелерин талкуулоого, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы мусулман коомчулугуна жана анын маданиятына колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле азыркы коомдун эл аралык терроризмге, экстремизмге, исламофобияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу көйгөйлөрүнө жана коопсуздук маселелерине арналган.
Иш-чаранын алкагында министр Руслан Казакбаевдин уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин башчылары менен да эки тараптуу жолугушуулары өтүүдө.