Министр Казакбаев Швециянын депутаттары жана БУУнун Өнүгүү программасынын өкүлдөр тобу менен жолукту

Кечээ, 11-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швециянын парламентинин депутаттары жана БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөр тобу менен жолукту.

Министр Казакбаев акыркы бир жарым жылда өлкөдө болуп өткөн маанилүү саясий өзгөрүүлөр, анын ичинде Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынганы жана Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөнү жөнүндө кабарлап, өлкөнүн жаңы саясий системанын шартында өнүгүүсүн колдоонун актуалдуулугун баса белгиледи. Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында тынчтыкты орнотуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Швеция менен кызматташуу маанилүү приоритеттердин бири катары белгиленди.

Швециянын парламентарийлеринин өкүлдөр тобу алардын өлкөсү БУУӨПтүн маанилүү донору экенин белгиледи. Андыктан Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн приоритеттери жөнүндө маалымдаганы үчүн министрге ыраазычылык билдирилди. Швециянын парламентинин депутаты жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын төрайымы Маргарета Седерфэльдт анын өлкөсү климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана аларга ыңгайлашуу, суу колдонуу, иш орундарын түзүү, эмгек миграциясы, гендердик биримдик чөйрөлөрүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы долбоорлорун колдоонун приоритеттүү багыттары катары айтты.

Маалымат үчүн: 10-15-апрель күндөрү Кыргызстанда Швециянын парламентарийлеринин иш сапары өтүүдө. Өкүлдөр тобу 4 депутаттан турат. Иш сапардын максаты Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүдөгү приоритеттери менен Кыргыз Республикасынын мисалында таанышуу жана БУУӨПтүн региондогу долбоорлорун колдоонун приоритеттерин аныктоо. Иш сапардын алкагында швед депутаттарынын Кыргызстандын түштүгүнө баруусу пландалган.