Министр Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 19-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти, жакынкы келечекте өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешип, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Министр Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесине маектешинин көңүлүн бурду. Мындан тышкары, министр Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.