Министр Казакбаев: «Украинадагы кырдаалды чочулоо менен күзөтүп жатабыз. Кыргызстан бардык ортомчулук аракеттерди колдойт»

«Украинадагы кырдаалды чочулоо менен күзөтүп жатабыз. Кыргызстан бардык ортомчулук аракеттерди колдойт». Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 5-мартта Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда билдирди.

Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан дайыма тынчтыкты колдоп, Минск макулдашуусун көзөмөлдөөнү маанилүү деп келген. «Жаңжалга эки бир тууган элдин, Орусия менен Украинанын катышып жатканы кайгылуу. Минск макулдашуусун түрдүү чечмелөө жана аны аткарбоо оңой эмес азыркы кырдаалга алып келди. Биз бардык жаңжалды бир гана саясий-дипломатиялык каражаттар менен чечүү керек деп келебиз. Бардык кызыкдар тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн бүт мүмкүнчүлүктү издеши зарыл. Биз Украинадагы кырдаалды чочулоо менен күзөтүп жатабыз. Бүгүн Экинчи дүйнөлүк соггуштан бери болбогон бүт дүйнөлүк каатчылыктын күбөсү болуп жатабыз. Дүйнө кыйроонун алдында турат. Эч качан тараптарды жаңжалды улантууга, мындан ары кан төгүүгө түртпөө керек», — деди министр.

Казакбаев Орусия менен Украинаны тынчтыкты орнотуу жөнүндө макулдашууга жетүүгө чакырды. Ошондой эле бул багытта Кыргызстан бардык ортомчулук аракеттерди колдой турганын айтты. «Муктаждык болсо, Кыргызстан аянтча берүүгө жана керектүү аракетти көрсөтүүгө даяр», — деди министр.