Министр коррупция менен күрөштөн түшкөн каражат кайда жумшаларын айтты

Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифинг учурунда коррупция боюнча мамлекетке түшкөн каражаттар кайда сарпталып жатканын айтып өттү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 миллиард сомдон ашык акча түштү. «Мамлекеттик органдар айтып жаткан 4 миллиард сом кыймылсыз мүлк менен кошулуп айтылып жатат. 2 миллиард сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 миллиард 836 миллион сому медкызматкерлерге берилет. Белгилүү болгондой, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50 пайызга көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат», — дейт ал.

Кармышаков кошумчалагандай, депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстөк пайызын төлөөгө 727 миллион сом жумшалган. Негизги суммасы 100 миң сомдон ашпаган насыясы бар жарандарга декабрь, январь жана февраль айларында насыянын үстөк пайызын төлөөгө жардам берүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.