Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык иш сапарынын алкагында Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Анда Ооганстандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.
Президент Садыр Жапаровдун Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында 3-октябрда Римде Садыр Жапаровдун Италиянын...
Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск...
Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. “Жогорку Кеңеш...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-октябрда расмий сапар менен Рим шаарына барды. Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду. Президент...