Министр Кулубаев: «Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режими колдонулат»

21-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейнге болгон расмий сапарынын алкагында Манама шаарында премьер-министр жана мураскер ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифанын кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Министр Бахрейн падышасына даректелген атайын кайрылууну тапшырып, Кыргызстан Бахрейн менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин жана аны менен өз ара кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү саясий диалог жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Ал бийлик тарабынан туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Ошону менен катар Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режими колдонулары белгиленди. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда болуп өттү. Кулубаев ага убакыт бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу мамлекет башчыга маалымат берээрин билдирди.