Министр Кулубаев Бахрейнге барды. Ал тышкы иштер министри менен жолугушту

Кечээ, 21-июнда Манама шаарында Тышкы саясат мекемесинин башчысынын Бахрейн Падышалыгына кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин Тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.
Анда Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, кыргыз-бахрейн мамилелеринин актуалдуу маселелерин чечүү жолдорун издөө, эффективдүү транспорттук-логистикалык системасын түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандан Бахрейнге айыл чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу документтерге расмий кол коюу аземи болуп өттү:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Бахрейн Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы саясий кеңешмелер боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев кесиптешин жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.