Министр Кулубаев элчилер жана консулдар менен жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кечээ, 15-июнда Кыргыз Республикасынын элчилери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын башчылары менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.
Кеңешме Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун министрликтин жетекчилер курамы менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча өтүп, экономикалык дипломатия маселелерин талкууга арналды. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу менен байланышкан жаңы саясий, социалдык-экономикалык чакырыктардын шартында өзгөчө маанилүү экендиги жана аларга жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын издөөнү талап кылгандыгы баса белгиленди. Жыйындын соңунда ушул жылдын аягында чет өлкөдөгү ар бир мекеменин ишмердүүлүгүнө, биринчи кезекте экономикалык дипломатия жаатындагы ишинин натыйжалуулугун эске алуу менен баа бериле тургандыгы айтылды.