Министр Кулубаев Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын айтты

21-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейнге болгон расмий сапарынын алкагында Манама шаарында Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Мухаммед Абдулжаббар Аль-Кухейджи менен жолугушуу өткөрүп, ага аталган палатанын директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана башкы аткаруучу директору катышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, тараптар жер казынасын пайдалануу, энергетика, айыл чарба, туризм жана Бахрейнге ата мекендик өндүрүштөрдү экспорттоо жаатында биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы да белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүн жакындатууга жана Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы өз ара кызматташуу үчүн болгон потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.