Кулубаев кыргыз тараптын Сауд Арабияга ата мекендик өндүрүштөрүн экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду. Тараптар эл аралык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга күч-аракеттерди жумшоону жана дайыма байланышта болууну макулдашышты.
Кыргызстан Гонконгдун аймагында баалуу кагаздарын чыгарууга кызыкдар
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Гонконгуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. «Кыргызстан...