Министр Кулубаев: «Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамын эрте ачуу керек»

20-июнда  Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын саудиялык тараптан теңтөрагасы Абдурахман бин Абдулмухсин Аль-Фадли менен жолугушту.

Кулубаев кыргыз тараптын Сауд Арабияга ата мекендик өндүрүштөрүн экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду. Тараптар эл аралык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга күч-аракеттерди жумшоону жана дайыма байланышта болууну макулдашышты.