Министр Кулубаев Сауд Арабияга электрондук туристтик виза алууну жеңилдетүүнү макулдашышты

Кечээ, 19-июнда Эр-Рияд шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сауд Араб Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында парламенттин вице-спикери Мишааль Мухаммед Аль-Сулами менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Тараптар өз ара сапарларды уюштурууда зарыл көмөк көрсөтүүнү, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга басым жасоону, тез арада түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну, туризм тармагын өнүктүрүүнү жана Кыргыз жарандары үчүн аталган өлкөгө кирүү жол-жоболорун электрондук туристтик виза берүү аркылуу жеңилдетүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде аймактык коопсуздук жана Украинадагы, Ооганстандагы жана Йемендеги учурдагы кырдаал талкууланды.