Министр Кулубаев Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кечээ, 19-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзүнүн Сауд Араб Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушуп, анын жүрушүндө кыргыз-сауд мамилелеринин кеңири маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Кыргызстандын Тышкы саясий мекемесинин башчысы кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, кыргыз-сауд мамилелерин мындан ары активдештирүүгө жана аны сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга чакырды. Ошондой эле ал соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу жана Кыргыз жарандары үчүн аталган өлкөгө электрондук туристтик виза берүү маселесин эртерээк чечүү зарылдыгына токтолду. Өз кезегинде ханзаада Файсал Аль Сауд падышалыктын эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү ниетин ырастады.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өтүп, жыйынтыгында тараптар дайыма байланышта болууну жана эки тараптуу карым-катнашты мындан ары да бекемдөөнү макулдашышты.