Министр Кулубаев Сауд Аравияга расмий сапары менен барды

Кечээ, 19-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сауд Аравия Королдугуна расмий сапары башталды. Андан соң 21-22-июнь күндөрү анын Бахрейн Королдугуна расмий сапары болот. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Бул сапарлардын алкагында Сауд Арабиянын жана Бахрейндин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Тараптар өз ара кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашат.