Министр Кулубаев туризмди өнүктүрүү жаатында план иштеп чыгууну сунуштады

Кечээ, 16-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Министрлер кабинети тарабынан жаңы түзүлгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун башчысы Елена Калашникованы кабыл алды.

Министр фонддун ишмердүүлүгүнө зарыл көмөк көрсөтөрүнө ишендирип, туризмди өнүктүрүү жаатында чет өлкөлөрдө Кыргызстандын элчиликтеринин жана башкы консулдуктарынын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгууну сунуштады. Тараптар туризмди өнүктүрүүнүн жыргалчылыгы үчүн Тышкы иштер министрлиги, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен фонддун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантууну макулдашышты.