22-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейнге жасаган расмий сапарынын алкагында Манама шаарында аталган өлкөнүн парламентинин төрагасы Фавзия Абдулла Юсуф Зайнал менен жолугушуу өткөрүп, ага парламенттин Эл аралык иштер жана коргоо боюнча Комитетинин жетекчиси жана мүчөлөрү да катышышты.
Министр Кыргызстандын Бахрейн менен түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча саясий диалогду улантууга, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди. Тараптар туризм тармагын өнүктүрүү жана эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты. Кулубаев Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бахрейндин парламентинин спикерин каалаган учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакыргандыгын белгилеп өттү.