Министр Кутманова: «2022-жылы 8 миллион, 2023-жылы 8,5 миллион көчөт отургузулат»

Кечээ, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков маалымдагандай, аталган токтомго ылайык, республиканын өздөштүрүлбөгөн аймактарын, шаарларынын, ошондой эле калктуу конуштарынын аймактарын жашылдандыруу боюнча «Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясы жыл сайын 1-февралдан тартып 30-апрелге чейин өткөрүү сунушу белгиленген.

Андан соң баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова белгилегендей, учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы ишке ашырылууда. «Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», — деди ал. Министрдин айтымында, 2022-жылы 8 миллион көчөт отургузулган, 2023-жылы 8,5 миллион, 2024-жылы 9 миллион, 2025-жылы 9,5 миллион даана көчөт отургузуу пландалууда.

Талкуу маалында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев министрликтин жашыл аянтчаларды көбөйтүү боюнча ишин сынга алды. «Силер дайыма кооз отчетторду бересиңер, жылына миллиондогон көчөттөр отургузулду деп, бирок эмнегедир бул байкалбайт», — деди ал.

Мындан тышкары, депутат Султанбай Айжигитов Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги негизинен учурдагы иштери боюнча маалымат берип жатканын, бирок токтомдун аткарылышы боюнча толук маалымат жок экенин сындады.