Министр: «Кыргызстанда күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган катаал штаммы күтүлүүдө»

Кыргызстанда күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган катаал штаммы күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда медкызматкерлерди жана кошумча орундуктарды даярдоо жүрүүдө. “Кыргызстанда коронавирустун 5 штаммы бар жана алар адамдын абалын начарлаткан жери жок. Ошондой эле биздин дарыгерлер жана илимпоздор оору боюнча кырдаалды көзөмөлдөп, конференцияларды өткөрүүдө, — деди ал.

Депутат Бурун Аманова учурдан пайдаланып, министрге жыйынга келип бергени үчүн ыраазычылык билдирди.