Министр: «ӨКМ кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу. Аттестациядан өткөрүү керек»

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев видео кайрылуу жасады. Кайрылуу министрликтин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

Анда министр ӨКМ кызматкерлеринин көбүндө ашыкча салмак бар экенин айтып, жакында аларды аттестациядан өткөрүүнү пландалып жатканын билдирди.

Мен министр болуп келгенде эле көзгө илингени — аскер кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу экен. Экинчиси — алардын билим деңгээли бир аз төмөндөп кетиптир. Мындан улам кызматкерлерди аттестациядан өткөрүшүбүз керек. Бирок кызматкерлер аттестация деген сөздөн коркпошу зарыл. Себеби аттестациянын максаты жумуштан четтетип, айдап салуу эмес. Сынактын максаты кызматкерлердин физикалык жөндөмүн жана билим деңгээлин текшерип, өзүнүн кызмат ордуна канчалык деңгээлде татыктуу деген суроону коюу”, — деп билдирди министр.

29-январда президент Садыр Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Учурда бул жарлыкка ылайык, аймактарда район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүп жатышат.