Министр Руслан Казакбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган жетекчиси менен жолугушту

3-июнда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Анда Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Кыргызстандагы сот тутумун өркүндөтүү, коррупцияга каршы күрөшүү, жашыл жана санарип экономика, экология, шайлоо процессин жакшыртуу боюнча ЕККУнун долбоордук портфелин кеңейтүү маселелери талкууланды.

Министр маектешин Кыргызстандагы ички саясий кырдаал менен тааныштырды. Ал жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ченемдик укуктук актылар кайра каралып жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Өлкө жетекчилиги мамлекеттик башкаруу тутумун уюштуруу жаатында принципиалдуу жаңы ыкмалардын пайдубалын түптөп жаткандыгын жана анын артыкчылыктуу багыттары коррупцияга каршы күрөшүү, сот жана укук коргоо тутумдарын реформалоо экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, министр ЕККУга кайрылып, Кыргыз Республикасына ушул процесстин ийгиликтүү өнүгүшүнө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап демократиялык институттарды өнүктүрүүдө жана Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүдө ЕККУнун колдоосунун ролун белгилеп, алдыдагы бир катар шаардык кеңештердин, ошондой эле ушул жылдын күзүндө Жогорку Кеңештин шайлоолорунун алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

Жаңы дайындалган жетекчи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кыргыз тарапты ар тараптуу маселелер боюнча, анын ичинде мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актыларды ревизиялоого көмөктөшүү жана коррупция менен күрөшүүнүн жаңы комплекстүү ыкмаларын иштеп чыгуу аракеттерин колдоону уланта берет деп ишендирди. Жолугушуунун алкагында ушул жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуялар да талкууга алынды. ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы чыр-чатакты тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салууну кубаттады жана ЕККУнун жетекчилиги кырдаалды кылдаттык менен байкап жаткандыгын белгиледи.