Министр Руслан Казакбаевдин элчилер менен кезектеги кеңешмеси болуп өттү

Кечээ, 4-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын жетекчилери менен министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция форматында кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө Руслан Казакбаев экономикалык дипломатияга басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 2022-жылдын I кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Министр чет өлкөлөрдөгү мекемелердин бардык башчыларын экономикалык дипломатия жаатында жигердүү, демилгелүү ишмердик жүргүзүүгө, министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин 2022-жылга иш планын, ошондой эле 2022-жылдын январында Министрлер кабинетинин төрагасы койгон тапшырмаларды сапаттуу аткарууга чакырды.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде Украинадагы жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Санкциялардын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири, өлкөгө жана чет өлкөдөгү мекендештерге тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруунун жолдору өзгөчө каралды. Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо, экспорттук продукциянын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, чек арадагы тынчтыкты орнотуу маселелери кеңири талкууланды.