Министр: «Уу-коргошунду мамлекеттик ооруканаларда колдонууну токтотконбуз»

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди. Ал депутаттардын коронавируска, вакцинага, уу-коргошунга байланышкан суроолоруна жооп берип жатат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев «Уу-коргошун мамлекеттик ооруканаларда азыркыга чейин колдонулуп жатабы?» деген суроо узатты. Министрдин айтымында, учурда уу-коргошун колдонулбай жатат. «Биз мамлекеттик ооруканаларда 400 кишиге берип, клиникалык сыноо болуп, анализдерин Орусия, Казакстандагы академиктерге жибергенбиз. Ошол жактын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди ал.

Депутат: Анан эч ким күлгөн жок ээ? Олуттуу кабыл алдыбы алар?

Министр: Биз жеңил жана орто оор абалдагылардыкын бердик. Көрсө, ал какырык чыгарып, имунитетти көтөрөт экен.