Министр: «Вице-спикер инисин кызматка коюп бер деп суранган»

«Мен да ачуу чындыкты айтып коюшум керек. Жеке кызыкчылыкты көздөгөн адамдар бир тууган инилерин кызматка коюп бер деп, жумушун аткара албай кетирген себептен ушул жерде кысым болуп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

«Муну да токтотуш керек. Биз жөн жүргөн жокпуз да. Нурбек мырза отурат (вице-спикер) иниси чакан ГЭСте иштеген, жумушту тарта албай жатканынан алып салганбыз», — деди министр.

«Мен аны жумушка кой деп суранган эмесмин. 1 жыл мурда айткам. Жумуштан алды. Кайра суранган эмесмин. Биринчиден, бирөөнүн жумушту тарта албай жатканын айткандын ордуна, өзүңүздүн деңгээлиңизди билип алыңыз. Сиздин деңгээлиңиз — райондук РЭТтин начальниги», — деди вице-спикер.