Министрдин орун басары: «Азык-түлүк кымбаттайт. Бирок баанын чукул көтөрүлүп кетишине жол бербейбиз»

«Азык-түлүк кымбаттайт. Бирок баанын чукул көтөрүлүп кетишине жол бербейбиз». Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта экономика министринин орун басары Элдар Алишеров брифингде билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын баасы азыр жогорулап жатат. Күйүүчү майдын кымбаттоосунан улам дээрлик бардык товарлардын баасы көтөрүлүп жатканын кошумчалады. Ар бир товардын өз баасынын 50-60 пайызы бул күйүүчү майдан турарын билдирди.

«Өлкөдө баа өсөт, бирок эки эсеге көтөрүлүп кетпейт. Баа чукул жогорулап кетпеши үчүн инфляциянын ыргагын жумшартып жатабыз. Эгерде баа чукул өсүп кетсе, анда чаралар көрүлөт. Баанын эң жогорку чегин орнотуу керек деген пикирден алысмын, бул тартыштыкка алып келиши ыктымал», — деди министрдин орун басары.