Министрлер кабинети: 26-августта президент “Унаа” мекемесинин ишин текшерүүнү тапшырган

Министрлер кабинети бланктарды даярдоо боюнча тендерге тийиштүү түшүндүрмө таратып, 26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Унаа” мекемесинин иши текшериле башталганын маалымдады.

«Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого тендер боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак. Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган “Гознак” ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек. Ушул жылдын 26-августунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши текшериле башталган. Андан кийин тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылган жана «Унаа» мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат», — деп жазылат маалыматта.