Министрлер кабинети: «Чектен ашып кетсе пландуу өчүрүүлөр болот»

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азат Аалиев маалымат жыйында билдирди.

«Энергияны үнөмдөө чаралары азыр социалдык тармактарда сынга алынууда. Түшүнүүңүздү жана жоопкерчиликтүү болууну суранабыз. Эгерде биз төмөн  деңгээлге жетсек, анда бүтүндөй экономика токтойт”, — деди Азиз Аалиев. Ал белгилегендей, өчүрүүлөр болбойт. 

«Чектөө коюлду. Бул норманы сактаңыз. Чектен ашып кетсе пландуу өчүрүүлөр болот”, — деп эскертти Аалиев.