Министрлер кабинети чукул жыйынга чогулганы жатат

Бүгүн, 6-январда Министрлер кабинети чукул жыйын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Кыргыз бийлиги коңшу Казакстандагы кырдаалды талкууга алары күтүлүүдө. Министрлер кабинетинин жыйынын күн тартибин кийинчерээк беришерин маалымдашты.