Эки министрликтин аталышы өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин 5-майдагы «Министрлер кабинети жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат. Төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;

— Инвестициялар министрлиги.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет», — деп айтылат маалыматта.