«Министрлер Кабинети жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору сентябрда каралат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында Жогорку Кеңеш тарабынан каралган жана биринчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган кабинеттен билдиришти.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан аталган долбоорлорду биринчи окууда келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен сунуштарды тыкыр иштеп чыгуу зарыл.

Аталган мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна даярдоо алкагында мамлекеттик органдардын жана президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категорияларына иммунитет берүү, алардын статусу, социалдык пакет менен камсыздоо, финансы жана башка маселелер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерге өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, толукталып иштелип чыккан мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында экинчи окууда каралмакчы.